• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Кыргызстанда жалпы 362 миң 513 адам эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 20.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда коронавируска каршы жалпы 362 миң 513 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 264 миң 471и вакцинанын биринчи дозасын алышты. Ал эми 97 миң 585и эмдөөдүн толук курсунан өттү.

Белгилей кетсек, учурда өлкө аймагында коронавируска каршы вакцинанын 1 млн 157 миң 487 дозасы калды.

Пикир

Оставить комментарий