• 88.68
  • 95
  • 0.95

Органын алмаштыргандар COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү керек – министрлик

COVID - 19 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда бүгүнкү күндө органын алмаштырган 564 адам жашайт, анын ичинен 164 – боорун, 400 – бөйрөгүн алмаштыргандар. Бул тууралуу брифинг учурунда КР саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин медициналык жардамдарды уюштуруу жана коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуева билдирди.

Анын айтымында, алмаштырылган органдар организмде чоочун болуп, трансляцияланган адамдар өмүр бою иммуносупрессор колдонуш керек. Ошентип, дайыма иммуносупрессор терапиясына байланыштуу адамдын иммунитети бир топ төмөндөйт. Ал бардык инфекцияларга, анын ичинде COVID-19га дагы алсызыраак болуп калат.

“Бул маалыматтарга таянып, биз органын алмаштырган адамдарды COVID-19га каршы милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүүгө жана өз өмүрүн коргоого чакырабыз”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий