• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги жыл башынан бери 138 млн сом айыппул чогултту

Экономика 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жыл башынан тарта айыптардын эсебинен мамлекетттик бюджетке 138 млн сом которду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 30 млн сомго көп.

“Жылдын аягына чейин дагы көбөйтөбүз” , - деди ал.

Тайлаков белгилегендей, айыппулдун жыйналышынын көбөйүшү органдын эффективдүү иштешинен кабар берет.

Пикир

Оставить комментарий