• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Кепилдик фонду" туризм тармагына 1,2 млрд сомдон ашык насыя алууга колдоо көрсөттү

Экономика 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. "Кепилдик фонду" ААК туризм тармагына 1,2 млрд сомдон ашык кредит алууга колдоо көрсөттү. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, туризм "Кепилдик фондунун" ишмердигинин маанилүү багыттарынын бири бойдон калууда жана бул тармакта иштеген ишкерлер артыкчылык катары кепилдик колдоону пайдаланышат.

"Кепилдик фонду" ААК өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери жыл сайын дүйнөнүн дээрлик бардык булуң-бурчунан келген туристтерди кабыл алган ишкерлерге олуттуу суммадагы кредиттерди алуу үчүн кепилдиктерди берип келет.

Алсак, 2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ар кандай жылдардагы кепилдик колдоонун аркасында ишкерлер өз бизнесин өнүктүрүү үчүн 3 млн сомдон 325 млн сомго чейин насыя алышкан, 0,9 млн сомдон 88,7 млн сомго чейин кепилдиктер берилген.

Айтмакчы, "Кепилдик фонд" ААКтын ишмердүүлүгүндөгү эң биринчи кепилдик туризм тармагындагы бизнести өнүктүрүү үчүн атайын 0,9 млрд сом өлчөмүндө берилген, бул 3 млн сом өлчөмүндө кредит алууну камсыз кылган.

Жалпысынан "Кепилдик фонд" ААК өзүнүн ишинин бүткүл мезгилинде 303,5 млн сомдон ашык суммага кепилдиктер боюнча 1,2 млрд сомдон ашык суммада кредиттерди берген.

Ал эми үстүбүздөгү жылы "Кепилдик фонду" ААК туризм тармагында иштеген ишкерлерге 155,3 млн сомдон ашык кредиттик каражаттар менен финансылык ресурстарга жетүүнү камсыз кылып, 30 млн сомго жакын суммага кепилдик берди.

Пикир

Оставить комментарий