• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

FORM STI-161 отчетун тапшырууда көйгөйлөр жаралууда. Салык кызматы себебин түшүндүрдү

Экономика 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Салык төлөөчүлөр акыркы эки күндүн ичинде киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетту (FORM STI-161) толтуруу жана берүү боюнча убактылуу көйгөйлөргө дуушар болушту. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан басма сөз кызматынан (МСК) кабарлашты.

"Бул көйгөй Социалдык фонд тарабынан келип чыккан техникалык мүчүлүштүктөн улам жаралды, анткени STI-161 отчетун толтуруу үчүн каттоо маалыматтары Соцфонддун маалымат базасынан автоматтык түрдө түшөт", - деп түшүндүрүштү МСКдан.

Салык кызматы кырдаалды тез арада чечүү жана STI-161 отчетун берүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүү үчүн болгон күч-аракетин жумшоодо жана Социалдык фонд менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий