• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан менен Өзбекстан өнөр жайдын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрөт. Келишимге кол коюлду

Экономика 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. 1996-жылдын 24-декабрындагы Өзбекстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Түбөлүк достук жөнүндө келишимди, ошондой эле Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди мындан ары да чыңдоо жана шайкеш келтирүү боюнча жалпы каалоону жетекчиликке алып, 2023-жылдын 27-январында КРнын Экономика жана коммерция министрлиги менен Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосунда өнөр жайдын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Макулдашуунун максаты — мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык, тең укуктуу жана өз ара пайдалуу негизде өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого көмөк көрсөтүү жана өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо.

Тараптар өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты төмөнкү артыкчылыктуу багыттар боюнча өнүктүрүүгө ниеттенишет:
- жеңил өнөр жайы;
- электротехника жана машина куруу;
- химиялык өнөр жай;
- фармацевтикалык өнөр жайы;
- металлургия;
- курулуш материалдар өнөр жайы ж.б.

Эки тараптуу макулдашууларга Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана Өзбекстандын инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов кол койду.

Пикир

Оставить комментарий