• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

МСК: Жүк ташуучулар үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке кирди

Экономика 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына, Россия Федерациясына жана тескери багыт боюнча автоунаа каражаттары менен өткөрүлүүчү товарларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоор башталды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, пилоттук долбоор 2020-жылдын 10-декабрына чейин жүрөт.

Ушул мезгилде Кыргыз Республикасынан Казакстанга жана Россияга жана тескери багыт боюнча товарларды ташууда өзү алып өтүүчү (самоход) товарлардан тышкары, автоунаа каражатынын жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломба илинет.

7 мүнөттөн ашпаган убакытты талап кылган жол-жобо Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.

Ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде ишке ашырылат.

Ошол эле учурда өткөрмө пункттарында (“Барыс” жана башка), атайын бөлүнгөн жерлерде жана ошол жолдордо пилоттук долбоордун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасынын аймагына, Россия Федерациясына жана тескери багыт боюнча эл аралык авто жүк ташууну ишке ашырган автотранспорттук каражаттар жүк ташуучу автранспорттук каражаттарга контролдоонун кошумча түрлөрүн жүргүзүүгө жол берилбейт.

Пикир

Оставить комментарий