• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Борбор калаада жол кырсыгынан №215 маршрутка капталына кулап калды – видео

Кырсык 0


Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Чүй менен К.Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн, 17-сентябрда саат 10:00дөр чамасында Honda Fit менен №215 маршрутканын катышуусунда жол кырсыгы болду.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, кырсыктан улам маршрутка капталына кулап калган. Жол кырсыгынан 3 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иш алып барууда

Пикир

Оставить комментарий