• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте кампадан чыккан ири өрт өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 32.12.23./Кабар/. Бишкектеги Хивинская көчөсүндө жайгашкан кампадан чыккан ири өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 5 күжүрмөн эсеп, Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу дрон менен тартылган.

"Аянты болжол менен 400 чарчы метрди түзгөн өрт саат 09:36да чектөөгө алынып, 15:04тө толугу менен өчүрүлдү. Бактыга жараша тилсиз жоодон жабыркагандар жок", — деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий