• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Кытай өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлор талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Кытайдын КРдагы элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Ли Юе менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кытай өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен каржылануучу “Чүй каналын айланып өтүүчү (АЧК-2) курулушу”, “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү (3 фазасы)” жана "5 инженердик курулуштарды куруу (Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу, I фаза)"сыяктуу артыкчылыктуу долбоорлор боюнча маселелерди талкуулашты.

Министрдин орун басары ошондой эле ирригациялык долбоорлорду ишке ашыруунун жогорку маанисин жана зарылдыгын белгиледи.

Ли Юе КЭР өкмөтү бул долбоорлордун Кыргызстан үчүн маанилүүлүгүн түшүнөрүн баса белгилеп, аталган долбоорлорду алдыга жылдырууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси COVID-19 коронавирустук пандемиядан улам көптөгөн долбоорлор кечеңдеп жатканын билдирди.

Мындан тышкары, кыргыз-кытай тараптар соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын пландалган 15-отурумун талкуулашты.

Ошондой эле эки тараптын өкүлдөрү бири-бирин өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы менен куттукташты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий