• 88.68
  • 95
  • 0.95

Микрокредиттердин 25% жакыны Ош облусунун алуучуларына туура келди

Экономика 0

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын I кварталында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 8,8 млрд сом суммасында кредиттер берилди, муну менен бирге алуучулардын саны 152 миңге жакын адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 9,8% азайды, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү тескерисинче 3,4% көбөйдү.

I кварталда калкка микрокредиттердин берилиши

Нет описания.

Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны Ош (алуучулардын жалпы санынын 25% жакыны) жана Жалал-Абад облустарына (15%), ошондой эле Бишкек шаарына (15%) туура келди.

Микрокредиттердин эң көп суммасы Ош облусунун (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 1,9 млрд. сому же 21%), Бишкек ш. (1,6 млрд. сом же 18%), Чүй (1,3 млрд. сом же 15%) жана Жалал-Абад облустарынын (1,2 млрд. сом же 13,5%) алуучуларына берилди.

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 39% жакыны - керектөөчүлүк муктаждыктарга, 31% - айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө багытталды. Соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө берилген микрокредиттердин үлүшү 12,5%, курулушка - 6% түздү.

Нет описания.

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында белгиленген мөөнөттөргө ылайык, микрокредиттерди кайтаруунун деңгээли, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,2 пайыздык пунктка көбөйүү менен 91% түздү.

Пикир

Оставить комментарий