• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан менен Өзбекстандын энергетика министрлери төрт документке кол койду — тизме

Экономика 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын энергетика министрлери Таалайбек Ибраев жана Журабек Мирзамахмудов эки өлкөнүн энергетика тармагын өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда көмөктөшүү боюнча макулдашууга жана меморандумга кол коюшту.

Документтерге кол коюу аземи Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын алкагында өттү.

Маалыматка ылайык, кол коюлган документтерде төмөнкүлөр камтылган:

1 — Өзбекстан Республикасынын Энергетика министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ортосундагы энергетика тармагында газ, нефть боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

2 — Өзбекстан Республикасынын Энергетика министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ортосундагы көмүр өнөр жайында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашуу. Анын негизги максаты — Кыргыз Республикасынын аймагында көмүр кендерин иштетүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу. Кыргызстандан Өзбекстанга көмүр импорттоону, ал эми Өзбекстан Кыргызстанды техника менен камсыздооону уюштуруу. Көмүрдүн сапатын талдоо лабораториясын түзүү.

3 — Өзбекстан Республикасынын Энергетика министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ортосундагы “Чаткал” ГЭС каскадын курууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн биргелешип изилдөө боюнча Меморандум. Анын кубаттуулугу 1800 МВт түзөт. Баркрауск ГЭС-700 МВт, Төмөнкү Чаткал ГЭС- 110 МВт.

4 — Кыргыз Республикасынын “ТНК” Дастан” ААК менен Өзбекстан Республикасынын “Тошэлектроаппарат” ЖЧК ортосунда Кыргыз Республикасында электр энергиясын эсептөө приборлорун чогултууну уюштуруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө Меморандум. Негизги максаты Кыргызстанда “Дастан” ААК заводунан электр техникалык жабдууларды чыгарууну уюштуруу. (Трансформатор, АСКУЭ эсептегичтерди жасоо).

Энергетика министри Таалайбек Ибраев кол коюлган макулдашуулар эки өлкөдөгү энергетикалык тармактын өнүгүшүнө жана энергетикага болгон тартыштыктын жоюлушуна салымын кошоорун билдирди. Мындан тышкары, министр Кыргыстандагы энергетикалык потенциалды жогорулатуу боюнча алдыда көп долбоорлор ишке ашаарын баса белгилеп, алардын катарында “Камбар-Ата-1” ГЭС, “Чакан” ГЭСтерди куруу, жашыл энергетиканы өнүктүрүү бар экенин айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий