• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл күз-кыш мезгилине даярдыктар эрте башталат, электр энергиясын керектөөгө чектөө киргизилиши мүмкүн – Байгазиев

Экономика 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Быйыл 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштерин өткөн жылга салыштымалуу эрте баштоо пландалууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылытуу сезону ийгиликтүү аяктады.

"Электр станциялары" ААКтын Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегаты 5-марттан тарта реконструкцияга берилет. Аталган гидроагрегаттын реконструкциялоо иштери план боюнча бүтүп ишке берилсе, 60 МВт кубаттуулук кошулуп, ТГЭСте кубаттуулук 1380 болот", - деди ал.

Мындан тышкары, министр Үч-Коргон ГЭСинин №4 гидроагрегатын реконструкциялоого алып чыгуу пландалып жатканын кошумчалады.

"Үч-Коргон ГЭСин учурда жалпы кубаттуулугу 180 МВтты түзөт (ар бири 45 МВт болгон 4 блок). Орточо узак мөөнөттүү өндүрүш жылына 820 млн кВт саатты түзөт. УКГЭС 1962-жылы ишке киргизилгенден бери өзүнүн жабдууларын жана инфраструктурасын реабилитациялоону жүргүзгөн эмес. УКГЭСтин стандарттык иштөө мөөнөтү 30 жылды түзөт, анын мөөнөтү 1992-жылы аяктаган. ГЭСтин жабдуулары жана гидротехникалык курулуштары эскирип, начар абалда.Ушуга байланыштуу УКГЭСти модернизациялоо өтө маанилүү", - деди Байгазиев.

Министрдин орун басары буга байланыштуу электр станциясынын кубаттуулугу 290 МВт кубаттуулукка азаярын белгиледи.

"Мындай кырдаалда энергетика системасындагы тиешелүү болгон 290 МВт электр энергиясынын тартыштыгы пайда болуп, Кыргызстандын керектөөчүлөрүндө электр энергиясын пайдаланууда убактылуу чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыгат. Эртең менен жана кечинде эң көп жүктөм болгон учурда электр энергиясын керектөөдө чектөөлөр киргизилиши мүмкүн", - деди ал.

Байгазиев Энергетика министрлиги жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК керектөөчүлөрдү электр энергиясын этияттык менен колдонууга жана бир нече энергияны көп талап кылган электр шаймандарын бир убакта күйгүзбөөгө чакырарын, өзгөчө электр энергияны эң көп талап болгон маалында, эртең менен саат 06:00дөн 9:00гө чейин жана кечки маалда 18:00дөн 21:00гө чейин.

"Быйыл өткөн жылдарга салыштырмалуу келерки күз-кыш мезгилине даярдык эрте көрүлө баштайт. 5-марттан тарта эки ГЭСтин гидроагрегаттары реконструкцияга берилсе, жаздын келиши менен Электр тармактар ишканаларында оңдоо иш-чаралары башталат. Электр объектисин өчүрүү менен иштер жүргүзүлсө, керектөөчүлөргө алдын ала расмий сайттар, социалдык тармактар ​​жана массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымат берилет", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий