• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан Казакстандан келген байытылбаган унга тыюу киргизди

Экономика 0

Бишкек, 1.11.17 /Кабар/. Кыргызстанда Казакстандан ташылган байытылбаган унга тыюу салынды. Мыйзамды бузган ишкерлер 50 миң сом айыпка жыгыларын “Хабар 24” билдирет.

Басылманын маалыматында Казакстан мындан уттурбайт. Өткөн жылы өлкө Кыргызстанга 27 миң тоннадан бир аз ашык ун ташыган. Бул экспорттун жалпы көлөмүнүн 1%ы.

Эскерте кетсек, сентябрда Кыргызстан казак тараптын байытылбаган унун сатууга тыюу салган. Казакстандык аграрлар продукцияны Кыргызстандын ун чыгаруучу ишканаларында байытууну сунушташкан. Бирок мындай сунуш кабыл алынган эмес.

Пикир

Оставить комментарий