• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-казак чек арасындагы жүк унааларынын баары катталат - өкмөт

Өкмөт 0

Бишкек, 01.11.17. /Кабар/. Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов кечээ кыргыз-казак чек арасындагы товарларды жана продукцияларды кармоонун натыйжасында келтирилген зыянды баалоо Комиссиясынын жыйынын өткөрдү.

Өкмөттүн маалымат бөлүмү билдиргендей, комиссия КР премьер-министри Сапар Исаков кол койгон “Кыргыз-казак чек арасынданы жагдайдан жабыркаган ишкерлерди мамлекеттик колдоо боюнча чаралар жөнүндө” өкмөттүн токтомуна ылайык түзүлгөн.

Анын курамына өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери, бизнес-ассоциациялардын, коммерциялык банктардын өкүлдөрү жана көз карандысыз баалоочулар кирген.

Жыйындын жүрүшүндө КР Экономика министрлигине караштуу зыянды баалоо Комиссиясынын Катчылыгын түзүү чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары Экономика министрлигине, Ички иштер министрлигине жана Унаа жана жолдор министрлигине бүгүн, 1-ноябрда кыргыз-казак чек арасында кезекте турган унааларды каттоо тапшырылды.

Экономика министрлигине кырдаал чечилгенге чейин унаа каражаттарын каттоо механизмин иштеп чыгуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий