• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандан дүйнөлүк рынокко баалуу металлдарды чыгаруу маселеси талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 10.12.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган делегация Лондондун баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын президенти Пол Фишер, Лондондун баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын (LBMA) аткаруучу директору жана башкы юристи Сахила Мирза менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандан дүйнөлүк рынокко, анын ичинде британ рыногуна баалуу металлдарды чыгаруу маселесин талкуулашты.

Кыргыз тарап үчүн ата мекендик алтынды дүйнөлүк рынокто сатууну жандандыруу жана соода-экономикалык кызматташтыктын көлөмүн жогорулатуу милдети артыкчылыктуу экенин белгиледи.

Делегация үчүн LBMA адистери рыноктун бардык катышуучулары тарабынан кабыл алынган жалпы талаптар жана принциптер боюнча маалыматтык семинар өткөрүштү.

Семинардын жүрүшүндө LBMAнын атайын жумушчу тобу тарабынан баалуу металлдар рыногун натыйжалуу жөнгө салуу кодекси иштелип чыккандыгы айтылды, ал уюмдун мүчөлөрү, ошондой эле «Good Delivery» макамына ээ болгон өлкөлөр үчүн милдеттүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, курамына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, КР Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев, «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков жана Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары Улан Даникеев кирген делегация Улуу Британияда жумушчу сапары менен жүрөт.

Иш сапардын алкагында делегация бир катар эки тараптуу жолугушууларды, ошондой эле ири банк корпорациялары жана финансы институттары менен консультацияларды өткөрүүсү пландаштырууда.ф

Пикир

Оставить комментарий