• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров Синдзо Абэнин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Өкмөт 0

Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Япониянын Кыргызстандагы элчилигине барып, өлкөнүн экс-премьер-министри Синдзо Абэнин трагедиялуу каза болгондугуна байланыштуу ачылган көңүл айттуу китепчесине кол тамгасын калтырды.

“Чечкиндүү инсан, таланттуу саясатчы дүйнөдөн кайтты.

Бул бүткүл дүйнөлүк коом үчүн чоң жоготуу.

Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоодо көрүнүктүү мамлекеттик ишмер катары маанилүү роль ойногон Абэ мырзанын жаркын элеси сакталат. Аны жоготуу аны билгендердин баары үчүн орду толгус. Кыргызстандын эли жапон эли менен кошо аза күтөт” – деп жазды Акылбек Жапаров.

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Сигеки министрлер кабинетинин башчысына көңүл айтып келгени үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы кызматыштык байланышты чыңдоого аракет жасаган экс-премьер-министри Синдзо Абэнин иштерин улантабыз деди.

Пикир

Оставить комментарий