• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жаңы президенттин инаугурациясы 24-ноябрда болушу мүмкүн

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 01.11.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда Бишкектеги “Ала-Арча” резиденциясында болушу мүмкүн. Азырынча башка маалымат жок.

Эске сала кетсек, президент Алмазбек Атамбаев өз жумушуна 2011-жылдын 1-декабрында киришкен.

Жаңы президентти шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өткөн. БШКнын расмий жыйынтыгы боюнча экс-премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жеңип чыккан.

КРнын мыйзамына ылайык, Кыргызстандын президенти 6 жылга шайланат.

Пикир

Оставить комментарий