• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

КР жана Беларусь мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн коляскаларды биргелешип чыгаруу маселесин талкуулады

Коом 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев, КР Протездик-ортопедиялык буюмдар боюнча республикалык мекемесинин жетекчиси Ализа Солтонбекова, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү биргеликте Минск шаарындагы «Беларусь протездик-ортопедиялык реабилитациялык борбору» республикалык унитардык ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Элчиликтен билдиришкендей, кыргыз тарапт ишкананын өндүрүштү модернизациялоо, жаңы талаптар менен стандарттарга, техникалык шарттарга ылайыкташтыруу иштерин көрүштү.

Ишкананын башкы директору Владимир Калевич менен баарлашуунун жүрүшүндө өз ара кызматташуу, анын ичинде Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн кресло-коляскаларды биргелешип чыгарууну уюштуруу маселелери кеңири талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий