• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кумтөр: Финансы министрлигинин өкүлүнүн ЖКда айткан маалыматтарында бир катар так эместиктер бар

Экономика 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин отурумунда Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Кочкоров “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгү боюнча бир катар так эмес маалыматтарды берди. Бул тууралуу “Кумтөр Голд Компани” ЖАК билдирет.

"2022-жылы “Кумтөр Голд Компани” тарабынан 15 900 кг алтын өндүрүлгөн эмес, 17 305 кг алтын өндүрүлгөн.

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ишкана 986,5 млн АКШ доллары өлчөмүндө киреше алган, ишкананын отчеттук мезгилдеги таза кирешеси 371,7 млн АКШ долларына жеткен, парламенттин отурумунда билдирилгендей 385 млн АКШ долларына эмес.

Өткөн жылы ишкананын өлкөнүн бюджетине салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которуулар жана 2009-жылдагы кайра каралган инвестициялык макулдашууда каралган башка милдеттүү төлөмдөр 387,7 млн АКШ долларын (32,2 млрд сом) эмес, 385 млн АКШ долларын түзгөн",- деп айтылат билдирүүдө.

Компаниядан кошумчалашкандай, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын ишинин жыйынтыктары жөнүндө бардык маалыматтар эркин жана жеткиликтүү ишкананын расмий сайтындагыотчеттор” бөлүмүндө жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий