• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жаңы жылдан тартып иштин бир катар түрүнө патенттер күчүн жоготот

Экономика 0

Бишкек, 11.11.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын 1-январынан тартып патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотуларын эскертет.

Ведомстводон билдиришкендей, аталган күндөн тартып иштин төмөнкү түрлөрүнө карата патент өз күчүн жоготот:

– базарларда жана кичи базарларда чекене сатуу;

– дүкөндөрдө чекене сатуу;

– дүкөндөрдөн, соода борборлорунан жана базарлардан тышкары чекене сатуу;

– соода түйүндөрүн пайдалануу менен соода борборлорунда чекене сатуу;

– күркөлөрдү, павильондорду, контейнерлерди, вагондорду, лотокторду, прилавкаларды, чатырларды, боз үйлөрдү, кол арабаларын, бастырмаларды жана башка убактылуу темир конструкцияларын пайдалануу менен базарлардан тышкары автоунааларга кошумча бөлүктөрдү жана материалдарды сатуу;

– "тез тамактануу" (фаст-фуд) тармагынын азыктарын сатуу;

– үй жаныбарларын багуу жана сатуу;

– нан жасоо (сатуу);

– үйдө кум блокторду, шлак блокторду жана брусчаткаларды өндүрүү (сатуу);

– өзү жасаган кол өнөрчүлүк ишинин (элдик-көркөм кол өнөрчүлүк) буюмдарын сатуу;

– мүрзөгө коюлуучу эстеликтерди, постаменттерди жана коштоочу элементтерди жасоо, сатуу;

– сүрөтчүлөрдүн ишмердүүлүгү, анын ичинде сүрөттөрдү жана портреттерди сатуу.

Патенттин негизинде соода жүргүзгөн ишкерлер 2024-жылдын 1-январына чейин салык салуунун башка режимине: жалпы салык режимине же бирдиктүү салыкка өтүүлөрү керек.

Бирдиктүү салыктын ставкалары жылдык кирешенин көлөмү 8 млн сомго чейин болсо 0%, ал эми 30 млн сомго чейин – 0,5% жана 50 млн сомго чейин – 1% түзөт.

Бирдиктүү салыктын негизинде иштегендер ККМди пайдаланууга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча талаптарды, ошондой эле бир катар башка милдеттенмелерди аткарууга милдеттүү.

Башка салык режимине өтүш үчүн ишкерлер салык органына арыз (кагаз жүзүндө же онлайн) менен кайрылышы керек.

Кошумча маалыматты жергиликтүү салык органдарынан же 116 номери аркылуу, www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий