• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда магниттик-резонанстык томография борбору ачылды

Коом 0

Бишкек, 11.11.23. /Кабар/. Бүгүн, 11-ноябрда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда магниттик-резонанстык томография борборунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, МРТ аппараты атайын курулган жаңы имаратта жайгашкан жана ал Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында сатып алынган.

Иш-чара министр Алымкадыр Бейшеналиев жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Жылдыз Токторбаеванын катышуусунда өттү.

Жаңы медициналык жабдуулар алдыңкы технологиялар менен жабдылган жана бардык курактагы бейтаптарды диагностикалык изилдөөгө, ошондой эле COVID-19дун ар кандай кесепеттерин аныктоого мүмкүндүк берет.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 1996-жылдан бери иштеп келе жаткан Бишкектеги жалгыз мамлекеттик МРТ аппараты 2022-жылы иштен чыккан. МРТ изилдөөлөрүнө муктаж бейтаптар жеке медициналык борборлорго кайрылууга аргасыз болуп, бейтаптарга жана медицина кызматкерлерине ыңгайсыздык жараткан. МРТ диагностикасы балдар жана ымыркайлар үчүн эң коопсуз, анткени ал магниттик эффекттерге негизделген, анын натыйжасында бейтаптар нурлануунун нөлдүк дозасын алышат.

Учурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда МРТнын прейскуранты иштелип чыгууда, болжол менен бир изилдөөнүн баасы 2000-2200 сомду түзөт деп пландалууда.

"COVID-19га ыкчам чара көрүү" долбоорунун алкагында ушундай эле МРТ аппараты сатып алынып, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталга орнотулду.

Долбоордун максаты КР өкмөтүнө COVID-19 коркунучун алдын алууда, аныктоодо жана ага жооп кайтарууда жана саламаттык сактоонун улуттук системасын бекемдөөдө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий