• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте экинчи скважинаны бургулоо башталды

Коом 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. Бишкекте экинчи скважинаны бургулоо башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, “Бишкек суу чарба”муниципалдык ишканасы пландалган алты скважинанын экинчисин бургулоого киришти. Скважинанын тереңдиги 200 метр, кубаттуулугу секундасына 65 метр куб сууну, бул секундасына 17 литрди түзөт.

Белгилей кетсек, Бишкектин Профсоюз – Нарвская, Л.Толстой – Логвиненко, Жайыл-Баатыр – Чортеков, Ахунбаев – Көк-Жаңгак, Ауэзов – Анкара, Театр аянты даректеринде 6 жаңы скважинаны бургулоо пландалууда.

Эскерте кетсек, буга чейин Профсоюз жана Нарвская көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы скважина казылган.

Пикир

Оставить комментарий