• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Умбеталиев: Кээ бир талапкерлер шайлоочулардын добушун райондордо - 4000, шаарда - 5000 сом деп аныкташты

Коом 0

Бишкек, 20. 09.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кээ бир талапкерлердин штабында шайлоочулардын добуштарынын баасын аныкташкан. Мындай оюн коомдук ишмер Расул Умбеталиев «Кабар» агенттигинде өткөн жыйында билдирди.

Анын айтымына караганда, айылдарда жана райондук борборлордо шайлоочунун бир добушу үчүн 4000 сом, ал эми шаарда – 5000 сомдон сунуштап жатышат.

Ал шайлоочуларга, эгерде силерге акча сунуштап жатышса, алып, чөнтөгүңөргө салып коюп, шайлоо күнү өзүңөр татыктуу деп билген талапкерге добушуңарды бергиле деди.

Эске сала кетсек, президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт. Ага бардыгы болуп 13 талапкер ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий