• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры 34-сезонун жапты

Маданият 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры 34-сезонун жапты. Келген көрүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, драматург Жаныш Кулмамбетовдун "Талант жана Тагдыр" спектакли коюлду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры 1989-жылы Бишкекте ачылган.

Туңгуч директору Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери И.Токолдошов болгон. Театр алгачкы жолу драматург Ж.Сыдыковдун "Эр Төштүк " (режиссёру Б.Абдылбаев) драмасы менен ачылган.

2005-жылы 25-декабрда СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкееванын ысымы берилген. Театрда 34 жыл ичинде 80ден ашык мыкты спектаклдер коюлду. Ал эми "Талант жана Тагдыр "спектали 18 жылдан бери коюлуп келет.

Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры 6 ай ичинде 4 спектакли менен Лондон, Түркия, Екатеринбург жана Ташкент шаарында эл аралык театралдык фестивалга катышып, мыкты ийгиликтерди жаратты.

Пикир

Оставить комментарий