• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Садыркуловдордун" балет династиясы - ийгиликке карай жол

Маданият 0

Бишкек, 20.02.19. /Кабар/. А. Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын солисти Фарух Садыркулов Москвадагы DANCE MOSCOW хореграфиялык сынагында биринчи орунду алды.

Бүгүн ал бийчи, атасы, КРнын маданиятка эмгек сиңирген ишмер Досмат Садыркулов менен бирге "Кабар" агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, ийгиликке жетүү үчүн кандай мээнет кылганын айтып беришти.

Садыркулов буга чейин Красноярсктагы сынакка катышкан. Анда ал күмүш медаль утуп, Европадагы турнеге чыгып келген.

"Мени Гедиминас Леонович Таранданын жетекчилиги астындагы Империялык Орус Балети байкап, Испаниядагы турнеге чакырган. Ал жакта жүргөндө Москвадагы сынак тууралуу угуп калдым. Убакыт тыгыз болгондуктан танапис, тыныгуу маалында даярданып жаттым. Бир күн гана толук кандуу даярданып, кийинки күнү сынакта бийлеп чыктым. Алтын медаль жеңип алдым", - деп айткан бийчи, бийиндеги кийимди өзү тиккенин, баарын өзү жасаганын кошумчалады.

Садыркулов сынакта "Париж жалынындагы" Филип жана "Дон Кихоттогу" Базилди көрсөтүп берген. Калыстар ага биринчи орунду ыйгарып, аталган иш-чаранын Гала-концертинде өнөрүн көрсөтүүгө мүмкүндүк беришкен.

Досмат Садыркуловдун айтымында, анын үй-бүлөсүндө баары балет менен алектенишет.

"Мен балет артисти болом. Биз экөөбүз тең Ваганова атындагы Орус балет академиясын аяктаганбыз. Жубайым мурда балерина болчу. Учурда Искусство институтунда хореография боюнча сабак берет. Улуу балам Атабек театрында солист болот. Эки келиним да балерина болушат", - дейт анын атасы Досмат Садыркулов.

Балдарга чет жерге чыкканда, мисалы жол кире, жашаган жер, тамак-аштарга бирөө жарым жардам береби деген суроого, Садыркуловдун атасы бийчилердин ийгилигине өлкө кызыктар эмес экенин айтты.

"Каражат табуу ата-эненин моюнуна жүктөлгөн. Биз бир нече ай мурун даярданып, демөөрчүлөрдү издей баштайбыз. Негизинен өзүбүз төлөйбүз. Жакындар, туугандар, достор колунан келишинче жардам беришет. Айрым учурда театр төлөп берет", - деди ал.

Садыркуловго Казакстандан көз арткандар бар. Бирок ал ага макул болбой, чет жерде Кыргызстандын атынан чыгууну чечкен.

"Фарух бала кезинде Алматадагы академияда окуган. Андан кийин "Астана опера" Опера жана балет театрында иштеди. Алар дайыма Фарухка сахнада Казакстандын туусун көтөрүп чыгууну сурап, толук түрдө колдой турганын айтышчу. Бирок ал макул болгон жок", - деди ал.

Эртең Фарух Садыркулов башка мекендештерибиз менен бирге көчмөн маданиятын таанытуу үчүн Сауд Арабиясындагы этнофестивалга кетет.

Эскерте кетсек, Фарух Садыркулов Кыргызстандын хореографиясынын тарыхында алгачкы ирет DANCE MOSCOW сынагында биринчи орунду ала алды.

Пикир

Оставить комментарий