• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия радио кызматкерлерине сыйлык тапшырды

Маданият 0

Бишкек, 4-май /Кабар/. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 7-май - Радио жана байланыш күнүнө карата радио кызматкерлерин куттуктады. Бул тууралуу улуттук комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат майданында талбай эмгек өтөп, ошол эле учурда Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө салым кошуп жаткан радиолорго жана анын кызматкерлерине төрага Назаркул Ишекеев Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктарын тапшыруу менен иштерине ийгилик каалады.

Радио жана байланыш күнүнүн урматына КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Алкыш барагы” “Кыргыз радиосуна”, “Биринчи радиого”, “Азаттык” үналгысына, “Марал” радиосуна, “Балдар FM” радиосуна жана “Достук” радиосуна ташырылды.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Ардак грамотасы менен “Кыргыз радиосунун” кабарчылары Элмира Ажыканова, Бермет Камбарбекова, Адилет Дастан уулу, “Марал” радиосунун кабарчысы Каныкей Бозгунова жана “Достук” радиосунун продюссериТаттыбү Назаркулова сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий