• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Атанын керээзи” тасмасы Италиядагы кинофестивалда эки байгелүү болду

Маданият 0

БИШКЕК, 15.08.17 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. “Атанын керээзи” тасмасы Италияда өткөн эл аралык “Lucania” фестивалында эки байгелүү болду. Бул тууралуу кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова билдирди.

“Аталган фестиваль 9-13-августка чейин Италиянын Маркония шаарында өткөн. Кыска метраждуу тасмалардын арасынан Бакыт Мукул менен Дастан Жапар Уулунун "Атанын керээзи" тасмасы эки номинация боюнча мыкты деп табылды. "Толук метраждуу мыкты көркөм тасма” жана "Мыкты сценарий". Мындан тышкары итальялык сынчылар "Атанын керээзи" тасмасын "фестивалдын мыкты тасмасы" деп аташып, аны Венециядагы эл аралык кинофестивалында көрсөтүүнү, ошондой эле аны алдыга жылдырууну чечишкен”, -деп билдирди Төлөмүшова.

Режиссерлор тасманын эл аралык аренада көргөзүлүшү кыргызкиноматографисттери үчүн абдан чоң жеңиш деп билдиришти. Алар маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковго жана киноматография департаментинин директору Мукталы Бектеналиевге ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий