• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте митинг өткөрүүгө коюлган чектөөнүн мөөнөтү узартылды

Коом 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. Бишкекте митинг өткөрүүгө коюлган чектөөнүн мөөнөтү 30-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мүмкүн болгон массалык баш аламандыктарды болтурбоо жана бөгөт коюу максатында, ошондой эле "Тынч чогулуштар жөнүндө" КР мыйзамын жетекчиликке алуу менен Биринчи май районунун акимиаты митинг өткөрүү жерлерин чектөөнү убактылуу узартуу арызы менен райондук сотко кайрылган.

Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин, Россия Федерациясынын элчилигинин имараттарынын жанында, Ала-Тоо аянтында, президенттин администрациясынын, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында тынч чогулуштарды жана митингдерди өткөрүүнү чектөө боюнча Биринчи май райондук администрациясынын чечимин күчүндө калтырды.

Бул чектөөлөр күчүнө кирди жана 2023-жылдын 1-июлунан баштап 30-сентябрына чейин (кошкондо) күчүндө болот. Эми бардык чогулуштар, митингдер Рыскулов жана Н.Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги М.Горький атындагы скверде өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий