• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте “Кайра жандандыруу - 2022” антикризистик форуму өттү

Экономика 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Бишкекте “Кайра жандандыруу - 2022” антикризистик форуму өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, форумдун ачылышына КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, бизнес өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер катышты.

Форумда Россиядагы санкциялардын Кыргызстандын каржы жана реалдуу секторуна тийгизген таасири, мүмкүн болуучу жаңы перспективалар жана рыноктор, ошондой эле республиканын агро өнөр жай тармагындагы кырдаал талкууланды.

"Бүгүнкү күндө бардык мүмкүнчүлүктөр мобилизацияланды жана кризистик кырдаалдан чыгууга багытталган. Министрлер кабинетинин акыркы жыйынында айрым тармактар үчүн сырьену импорттоого салык жүгүн жеңилдеткен бир катар ченемдик укуктук актылар кабыл алынды. Айрым товарларга КНС алынып салынды. Бул учурда болуп жаткан баанын өсүшүн минималдаштырууга тийиш", - деди Амангелдиев.

Ал ошондой эле социалдык маанидеги азык-түлүктөрдү үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча макулдашууларга жетишилгендиктен, калк арасында азык-түлүккө карата дүрбөлөңгө түшүүгө өбөлгөлөр жок экенин белгиледи.

"Өкмөттүн антикризистик планы биринчи кезекте каржы рыногун турукташтырууга, айыл чарбасын колдоого, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий