• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын элчиси Ханты-Мансы автономиялык округунун губернаторунун орун басары менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Кечээ, 16-мартта Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат менен Россиянын Ханты-Мансы автономиялык округу - Югранын губернаторунун орун басары Алексей Забозглаевдин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР менен РФ ХМАО-Югранын ортосундагы маалыматтык технологиялар жана санариптик өнүгүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Анын ичинде, ХМАО – Югранын губернаторунун орун басары, үстүбүздөгү жылдын 7-9-июнунда Ханты-Мансы шаарында 13 -эл аралык IT-форум өтөрүн билдирип, Кыргызстандын элчисин бул форумга ардактуу конок катары катышууга чакырды.

Өз кезегинде элчи Г.-К.Самат бул жаатта кызматташуунун маанилүүлүгүн жана келечегин белгилеп, россия тарабына Кыргызстан жана Ханты-Мансы автономиялык округу - Югранын кызыкдар мамлекеттик органдарынын жана IT-компанияларынын жогорку технологиялар чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүгө, ошондой эле тараптардын бар болгон потенциалын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн кооперациялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий