• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чыңгыз Айтматов дипломаттык кызматта — ТИМ архивдик сүрөттөрдү жарыялады

Коом 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата анан дипломаттык кызматтагы архивдик сүрөттөрүн жарыялады.

Ошондой эле тышкы саясий ведоство жазуучу тууралуу эскерүү менен бөлүштү.

"Академиялык чөйрөлөрдө "таланттуу адам бардык нерседе таланттуу" деген сөз көп айтылып, негизги кесибин ар кандай иш-аракеттерде айкалыштыра алган чыгармачыл инсанды баса белгилеп, башка кесиптерде жана өнөрлөрдө өзүнүн натыйжалуулугун ийгиликтүү далилдеген учурлар көп кездешет. Чындыгында, жогоруда айтылган учкул сөз дипломатиялык чөйрөдө өзүн ачык көрсөтө алган ар кайсы доордогу адабиятчылардын – бул Петрарка, Шатобриан, Вашингтон Ирвинг, Пабло Неруда, Александр Грибоедов, Федор Тютчев, Денис Фонвизин, Алексей Толстой ж. б. тизмесин шексиз толуктаган Чыңгыз Төрөкулович Айтматовго да тийиштүү. Бул жагынан алганда, бир маанилүү аспектти бөлүп көрсөтүү зарыл. Адатынча, дүйнөгө атагы чыккан көптөгөн жазуучулардын портреттери мектептердеги, университеттердеги, академиялардагы адабият кабинеттеринде статикалык илинген расмий иконаларга айланат. Бирок, эгерде мамлекеттик бийлик аларга дипломатиялык кызмат түрүндөгү конкреттүү иштин жүгүн көтөрүүгө ишеним көрсөтсө, анда таанылган адабиятчылардын икона сыяктанган образы алынып, биздин алдыбызда коомго жана мамлекетке пайдалуулугу жагынан гана эмес, ошондой эле алар тарабынан башка имиджге ээ болгон, таптакыр жаңы көрүнүштө чыныгы талантты көрсөткөн анык инсандар пайда болот.

Бул жагынан алганда Чыңгыз Айтматовдун дипломатиялык ишмердигин шарттуу түрдө өзүнүн өзгөчө Айтматов табиятына ээ болгон эки баскычка, расмий жана расмий эмес деп бөлүүгө болот. Бул көпчүлүк үчүн күтүүсүз көрүнүшү мүмкүн, бирок кыргыз жазуучусунун дипломатиялык миссиясы ал СССРдин Люксембургдагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси болуп дайындалганга чейин эле башталган.

Белгилүү болгондой, ал 1986-жылы Нобель сыйлыгынын лауреаттарынан баштап ЮНЕСКОнун Башкы катчысына чейинки Батыштын жана Чыгыштын жаркын интеллектуалдарын – илимпоздорду, жазуучуларды, сүрөтчүлөрдү, актерлорду, коомдук ишмерлерди ата-бабалар жеринде чогултуп, Кыргызстанда масштабдуу «Ысык-Көл форумун» өткөрүүнү демилгелеген. Анда «бир кайыкка» ар кайсы континенттерден жана өлкөлөрдөн, ар башка этникалык жана расалык топтордон адамдар адамзаттын коопсуздугу жана цивилизациялуу дүйнөнүн эртеңки күнү жөнүндө сүйлөшүштү. Атап айтканда, СССР менен Батыш дүйнөсүнүн ортосундагы «кансыз согушту» жеңүү маселесинде «Биринчи Ысык-Көл форуму» тынчтыктын коопсуздугуна салым кошуу жана жаңы ой жүгүртүүнү калыптандыруу жагынан маанилүү звено болуп калды. Натыйжада дал ушул окуя дүйнө жүзүнүн "расмий эмес элчиси" болуп калган дипломат Айтматовду ачты. Бул жагынан алганда, Айтматовдун дипломат катары биринчи этабы 1986-жылдын октябрь айынын алгачкы күндөрүнөн башталат.

Албетте, экинчи этап дагы өзүнүн функционалдык өзгөчөлүгү менен айырмаланат. Анткени 1990-жылдан 1992-жылга чейин, бирок расмий адам катары СССРдин, андан кийин Россиядагы (1992-1994-жж.) Люксембургдагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси, ал эми 1994-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү жана Франциядагы элчиси, ошондой эле НАТОдогу жана ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү болуп дайындалган. Эгерде ар кандай публицистикалык жана изилдөө булактарын бир топко бириктирсек, анда бир мыйзам ченемдүүлүктү байкасак болот: дипломатиялык коомчулук Ч. Айтматовдун эң башкы сапаты - жазуучунун айкөлдүгүн, жөнөкөйлүгүн, масштабдуу билимин, жоопкерчилигин таануу менен бирге, өзү кызмат кылган өлкөгө максималдуу жардам берүүгө дайым даярдыгы деп эсептешкен, бул негизи чыныгы мамлекеттик ишмерге таандык касиет.

Арийне, Чыңгыз Төрөкуловичтин дүйнөлүк кадыр-баркы анын өзү өкүлчүлүк кылган өлкөлөрдүн лидерлери тарабынан өзгөчө кабыл алынышына таасир эткен. Алсак, архивдерде кызыктуу эпизодду кездештирүүгө болот. Ишеним грамоталарын тапшыруу учурунда Бельгиянын Королу расмий аземден кийин аны менен чектөөсүз баарлашууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн Кыргыз Республикасынын элчисин иш-чаранын аягында кабыл алган.

Дагы бир мыйзам ченемдүүлүк бар. Кыргызстандын өкмөттүк, парламенттик, дипломатиялык жана башка делегациялары Европанын батыш бөлүгүнө расмий жана жумушчу сапарлардын алкагында барганда, Чыңгыз Айтматовдун форумдарга, саммиттерге, отурумдарга жана жыйындарга катышуусу кыргызстандыктардын кызматташуу маселелерин чечүүдө ишин кыйла жеңилдеткен, анда сүйлөшүү процессинин башкы кыймылдаткычы жана генератору ошол эле биздин улуу инсаныбыз болгон. Анткени жазуучунун зор таасири менен сүйлөшүү процессинин көптөгөн көйгөйлүү жактары жумшак формага айланып, бюрократиясыз жана ыкчам түрдө каралган. Бирок дипломат Айтматовдун кесибинен келип чыккан дагы бир кыялы бар болчу (жазуучу кесиби боюнча зоотехник). Ал көп жылдар бою Кыргызстанда жылкы чарбасын өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашырып, түз инвестиция тартуу максатында европалык ишкерлер менен байланышта болуп, анын экспортун жөнгө салгысы келген. Андан тышкары, анын аракеттери менен Ысык-Көл облусу мал чарбачылыгын экспорттоого (бренд катары) Европа Бирлигинин сертификатын алган. Бирок Кыргызстандагы саясий кырдаал өзгөрүп, долбоор ишке ашпай калган…

"Аны билген адамдар жашаган адам өлбөйт" деп айткан Ч.Айтматов. Бул сөздөр жазуучунун табиятын ачып көрсөтөт. Биз тирүүбүз, демек, Чынгыз Айтматов да жашайт. Түбөлүккө деп ишенебиз".

Пикир

Оставить комментарий