• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстан Кыргызстанга чек ара чырынан каза болгондордун сөөгүн өткөрүп берди

Коом 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн макулдашуусуна ылайык, "Жүк-200" кыргыз тарапка 5-апрелде саат 23:46да "Маданият-авто жол" өткөрүү жайы аркылуу өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

КРнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 5-апрели саат 23:50гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесиндеги кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдайт.

Аксы районунун Дейрес айылында Кыргызстандын жарандары менен Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек арачыларынын ортосунда орун алган чыр-чатактын натыйжасында КР УКМКнын Чек ара кызматы аткезчилик жүктөрдү ташууга катышкан жарандары издөө боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүп жатат.

КР УКМКнын Чек ара кызматы чыр-чатактын кесепетинен каза болгон Кыргызстандын жарандары Аксы районунун Дейрес айылынын тургундары 1984-жылы туулган О.Б.Т.угли жана 1991-жылы туулган О.С.Т. экенин билдирет.

Эскерте кетсек, кечээ кыргыз-өзбек чек арасында курал колдонуу менен чыр чыгып, анын натыйжасында Кыргызстандан Өзбекстанга ат менен баасы 20 миң доллар турган аткезчилик жүк алып өтүүгө аракет кылган 2 жаран каза болгон, калган чек ара бузуучулар КРнын аймагына качып өтүүгө үлгүрүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий