• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Путиндин келишине байланыштуу бир катар көчөлөр жабылат

Коом 0

Бишкек, 26.03.19. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путиндин келишине байланыштуу Бишкек менен Чүй облусунда айрым көчөлөрдө унаалар үчүн чектөө болот. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Путиндин келишине байланыштуу коопсуздук чаралары көрүлөт. Анын ичинде, борбор калаа менен Чүй облусунда унаалар үчүн айрым көчөлөрдө жүрүүсүнө чектөө болот. Жолду жабуу расмий иш-чаралары менен байланыштуу.

Аталган башкармалык Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундарын убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алып, жүрө турган жолун алдын ала белгилеп алуусун суранат.

Пикир

Оставить комментарий