• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эмгек министрлигинин бардык интернаттарында майрам күндөрү нөөмөт уюштурулат

Коом 0

Бишкек, 23.02.24. /Кабар/. Кыргызстандагы бардык интернаттарында майрам күндөрү нөөмөт уюштурулат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти

Тиешелүү буйрукту министр Гүлнара Баатырова берген.

Азыркы учурда министрликтин 17 социалдык стационардык мекемесинде 2 332 кызмат алуучулары жашайт. Алардын ичинен 522 адам-улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар, 1 810 чоңдор жана психоневрологиялык диагнозу бар балдар.

Министрдин буйругуна ылайык интернаттарда күндүзгү жана түнкү нөөмөттөрдүн графиги бекитилген. Аткарылышын көзөмөлдөө министрликке караштуу социалдык коргоо департаментине жүктөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий