• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ажылык-2019: Кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы аныкталды

Коом 0

Бишкек, 14.03.19. /Кабар/. Быйыл ажылык сапарга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн Сауд Арабиясы квотанын санын 5510го чейин көбөйттү. Ар бир зыяратчы 3 миң доллар чыгымдамакчы. Бул тууралуу Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Алар билдиргендей, ар бир зыяратчынын ажылык сапарга жумшай турган чыгымы 3 миң долларды түзгөн. Төлөмдөр бүгүн, 14-марттан тарта 29-мартка (29-мартты кошо эсептегенде) чейин "РСК Банкы" аркылуу кабыл алына баштайт.

Ошол эле маалда, алар кошумчалагандай, мурда катталып, документтерин тапшырган жана 500 долларын төлөп кезекте турган талапкерлер 2 миң 500 доллар төлөшөт.

Андан сырткары өлкөбүздүн айрым облустарынын тургундары төлөм жүргүзүүдөн мурда, тизмеде ага орун тийип-тийбегенин тактап алышы зарыл.

"Баткен облусунун Баткен, Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай, Лейлек, Баткен райондору, Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай райондору, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары, Базар-Коргон, Сузак райондору, Чүй облусунун Токмок шаары, Москва, Ысык-Ата райондору жана Ош шаарынан ажылык сапарына катталган талапкерлер өздөрүнүн аймагындагы ажылыкка каттоочу операторлордон квота тийип-тийбегендигин тизмеден тактап алгандан кийин гана калган төлөмдү РСК банкына төлөөлөрү зарыл. Себеби, жогоруда көрсөтүлгөн аймактар өз квоталарынан ашып кеткендиктен кезекке туруп калгандар бар", - деп билдиришти муфтияттан.

Кыргызстандыктар болжол менен 20-июлда Меккеге сапар тартышат.

Эске сала кетсек, быйыл кыргызстандык зыяратчыларды Меккеге “Flaynas” авиакомпаниясы ташыйт. Авиабилеттин баасы - 1550 АКШ доллары.

Пикир

Оставить комментарий