• 88.68
  • 95
  • 0.95

13-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 13-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалыматт таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөнүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +21...+26, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында +19...+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27...+32 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +24...+26 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий