• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Макеевдин төрагалыгы астында ЕККУдагы жаштар жана коопсуздук боюнча достор тобунун жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. Австрияда 29-октябда Кыргызстандын ЕККУдагы туруктуу өкүлү, элчи Төленды Макеевдин төрагалыгы астында ЕККУдагы жаштар жана коопсуздук боюнча достор тобунун гибрид форматтагы учүнчү жыйыны өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Коопсуздук өңүтүнөн алганда жаштардын жашоосундагы билим берүүнүн ролунун маанилүүлүгүн Кыргызстандын ЕККУдагы туруктуу өкүлү Макеев өзүнүн кириш сөзүндө баса белгиледи. Билим берүүгө инвестиция кылууга байланышкан жыйындын темасына токтолуп, билим жаштардын кайра жаралуусуна жол ачарын, бул коомдогу жигердүү жарандык позицияны калыптандырууда негизги элемент болуп саналарын белгиледи.

Жыйындын ишине Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын расмий өкүлдөрү катышты. Видеокайрылуу аркылуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты Министри Азамат Жаманкулов сүйлөдү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Жаштар иштери, дене тарбиясы жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Союзбек Надырбеков негизги баяндамачы катары Кыргызстандын жаштар саясаты тууралуу презентация жасады. Презентацияда КРнын 2020-2030-жылдарга карата жаштар саясатынын концепциясынын негизинде стратегия жана иш-аракеттердин пландарын иштеп чыгуу боюнча негизги багыттар жөнүндө сөз болду.

Маалымат үчүн : Жаштар жана коопсуздук боюнча достор тобу 2015-жылы түзүлгөн жана ЕККУда “Жаштар жана коопсуздук” темасы боюнча күн тартибин ырааттуу илгерилетүү үчүн Венадагы уникалдуу форум болуп саналат. 2020-жылга чейин Топто Испания төрагалык кылган. 2021-жылдын январынан баштап Кыргызстан, Испания жана АКШ Топтун теңтөрагалары болуп саналат.

Кыргызстандын бул топто теңтөрагалык кылуусу ЕККУдагы уникалдуу жана ушундай түрдөгү жалгыз билим берүү мекемеси болуп эсептелген ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын болушу менен шартталган.

Пикир

Оставить комментарий