• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектин айрым жерлеринде газ берүү токтотулат

Коом 0

Бишкек, 23.12.19. /Кабар/. 23-декабрдан 25-декабрга чейин Бишкек шаарынын А.Огонбаев, Курманжан Датка, Гражданская, Т.Айтматов көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Ишкананын маалыматына ылайык, газ берүүнү токтотуу авариялык жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий