• 88.68
  • 95
  • 0.95

Меккеде кыргызстандыктар арасында маданий жана спорттук иш-чаралар уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 10.01.24. /Кабар/. 7-январда Меккеде Сауд Арабиянын ар кайсы шаарларынан келген 150дөн ашык кыргызстандыктардын катышуусунда маданий жана спорттук иш-чаралар (футбол турнири жана ар кандай интеллектуалдык оюндар) уюштурулду.

Иш-чарага Кыргызстандын Сауд Арабия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров жана Азирети Муфтий Замир Ракиев катышты.

Элчи Улукбек Марипов жарандарга КР президенти жана министрлер кабинети тарабынан өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана жаштарды колдоо боюнча мамлекеттик саясат, ошондой эле аккредиттелген өлкөлөр менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан элчиликтин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, жарандарга КР президенти тарабынан Тышкы иштер министрлигинин жана республикабыздын чет өлкөлүк мекемелеринин алдына коюлган КР жарандарынын чет өлкөлөрдө укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча милдеттер тууралуу маалымат берилди.

Иш-чаранын жыйынтыгында мелдештердин жана интеллектуалдык оюндардын жеңүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланышты. Ошондой эле спорттук-маданий иш-чаранын катышуучулары үчүн түшкү жана кечки сый тамактар ​​уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий