• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекеттик ЖОЖдордун ректорлору менен жыйын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 10.01.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жыйын өткөрдү.

Министрлер абинетинин башчысы белгилегендей, облустардагы ЖОЖдор өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү планын иштеп чыгууда жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иштешүүсү зарыл.

“Ар бир аймактык университет өзүнүн профессордук-окутуучулар курамын пайдаланып, өлкөнүн райондорун өнүктүрүү планын, ал гана эмес ар бир айыл өкмөттү өнүктүрүү планын даярдоосу керек. Илим экономиканы, өнөр жайды өнүктүрүүгө көмөктөшүшү зарыл, анализдеп, болжолдоп, дайыма бир кадам алдыда болушу керек. ЖОЖдор Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү менен тыгыз иш алып баруу менен ректорлор ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн коллегиясынын курамына кириши керек. Баарыңыздарга маалым болгондой, өлкөдө ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырыла баштады, 100гө жакын ишкананын ачылышы күтүлүүдө. Тиешелүү кадр резерви болушу керек, ошондуктан Билим берүү министрлиги жана ЖОЖдор муну өзгөчө эске алып, тиешелүү адистерди даярдоосу зарыл. IT тармагындагы адистерди даярдоого да өзгөчө көңүл буруу керек”, – деди Акылбек Жапаров.

Жыйындын соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий