• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президенттин атын жамынып, көз боёмочулук кылгандар чыгууда. Алагөзов шылуундарга ишенбөөгө чакырды

Коом 0

Бишкек, 10.01.24. /Кабар/. Акыркы убакта президент Садыр Жапаровдун атын жамынып, социалдык тармакта ар кыл көз боёмочулук аракеттерге баргандар чыгууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымына караганда, алар аз каражат салып кыска убакытта көп акча табуу убадаларын берип, буга мамлекет башчысы өзү кепилдик бергендей түр көрсөтүүдө.

"Президент Садыр Жапаров соцтармак аркылуу эч кандай сынак, же дагы бир пайда табуу иш-аракеттерине эч качан үгүттөбөй тургандыгын билдиребиз жана шылуундардын курмандыгы болуп калбоо үчүн бул сыяктуу жарыяларга ишенбөөгө чакырабыз", - деп баса белгиледи президенттин маалымат катчысы.

Пикир

Оставить комментарий