• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлери үчүн саптык кароо өттү

Коом 0


Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 29-мартта Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун плацында борборбук аппараттын кызматкерлерине пландык саптык кароо болуп өттү.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, саптык кароонун жүрүшүндө взводдун, ротанын курамында басуунун эрежелери, машыгуу кадамы, катардан чыгуу жана кайра кайтуу, начальникке баруу жана артка кайтуу багыттарына өзгөчө көңүл бурулду.

"Саптык кароодо кызматкерлер командирдин буйругун тез, так жана бир убакта аткаруу жөндөмүн өздөштүрүү, бурулуу боюнча машыгууларды жасашты. Сапка даярдык – бул өздүк курамды бирдиктүү аракеттерге даярдоо", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, саптык кароо командирдин буйруктарын ыкчам, так жана өз убагында аткаруу жөндөмүнө үйрөтөт. Сапка даярдык бөлүктүн курамында так, ыкчам аракеттерди аткаруу ыкмаларынан негизделген.

Пикир

Оставить комментарий