• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россиянын НТВ каналы Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгүн көрсөткөн тасма тартат

Коом 0

Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 30-майда Россиянын НТВ каналынын “Поедем, поедим” телеберүүсүнүн тартуу тобу Бишкекке келди. Бул тууралуу КР Туризм департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аларды “Манас” аэропортунан Туризм департаментинин өкүлдөрү тосуп алды.

“Тартуу тобу 31-майдан 3-июнга чейин Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагында Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгүн ачып берүүчү телешоу үчүн тасма тартышат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий