• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баардыгы үчүн онлайн-билим берүү: Бишкекте ilimelim.kg порталын сунушташты

Коом 0

Бишкек, 20.12.17. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. Бишкекте кыргыз тилиндеги билим берүү ilimelim.kg интернет-порталын сунушташты. Жаңы ресурстун жаратуучулары “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында анын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Аталган долбоордун демилгечилеринин бири Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) доценти Руслан Рахимов билдиргендей, бүгүнкү күндө онлайн-билим берүү башка чет мамлекеттерде абдан өнүккөн. ilimelim.kg порталын түзүп жатканда бул жааттагы бардык тажрыйбалар эске алынган.

“Башкы максат Кыргызстанда онлайн-билим берүүнү өнүктүрүү. Биз Кыргызстандын алдыңкы окуу жайларындагы мугалимдерди чогултуп, аларга аталган долбоорго катышуу сунушун киргиздик. Алар өз тармактары боюнча кыргыз тилинде видео-сабактарды окушат. Ошентип, ар бир сабак боюнча окуу 7 саатка созулуп, ар бир окутуунун видео сабактары 15 мүнөттөн бөлүнгөн”,-деп түшүндүрдү Рахимов.

Ал кошумчалагандай, видео окуулар түшүнүктүү жана жөнөкөй тил менен түзүлгөн, аларга бардык жаштагы адамдар кайрылса болот. Бүгүнкү күндө порталдын түзүүчүлөрүнүн маалыматына ылайык, сайтка 20 курс жүктөлгөн. Бирок демөөрчүлөрдүн колдоосу менен алардын санын 100гө жеткирүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий