• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дипломатиялык чөйрөдө терең урмат-сыйга ээ болгон — Робин Орд-Смитке жазылган некролог

Коом 0

Бишкек, 21.09.22./Кабар/. Кыргыз коомчулугу жана бизнес чөйрөсү орду толгус жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын биринчи Бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит 56 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Робин Орд-Смит 1965-жылы 8-октябрда Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугунун Ферндаун шаарында туулган.

Робин Орд-Смит отуз жылдык эмгек ишмердүүлүгүн дипломатиялык кызматка арнап, Алжир Элдик Демократиялык Республикасында, Румынияда, Малайзияда, Германия Федеративдик Республикасында, Японияда жана Ирак Республикасында иштеген.

2012-2015-жылдары ал Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугунун Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, ал эми 2015-2018-жылдары Кыргыз Республикасындагы ушундай эле кызматты аркалаган.

Робин Орд-Смит Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугунун Кыргыз Республикасындагы элчиси болуп иштеп турганда эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу социалдык, маданий жана экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталган бир катар иш-чаралардын демилгечиси болгон.

Дипломатиялык кызматты таштап, Кыргыз Республикасынын биринчи бизнес-омбудсмени болуу сунушун кабыл алган. Акыркы жылдары Робин Орд-Смит бүт күч-аракетин чарба жүргүзүүчү субъекттердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жумшап, мамлекеттик органдардын, ишкерлердин, инвесторлордун жана эл аралык коомчулуктун ортосундагы өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга салым кошуу менен экономиканы өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын элине кызмат кылууга жумшаган.

Робин Орд-Смиттин дипломатиялык кызматтагы көп жылдык иш тажрыйбасы, анын бизнес жана дипломатиялык чөйрөлөрдөгү ар тараптуу байланыштары, алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаны мыкты өздөштүргөндүгү ага өлкө жетекчилигинин Бизнес-омбудсмен кызматын ишенип берүүсүнө айныксыз фактор катары кызмат кылган. Бизнести колдоо, инвестицияларды тартуу жана өлкөнүн экономикалык бакубаттуулугу жана гүлдөп-өнүгүшү сыяктуу багыттар анын ишинде артыкчылыктуу саналган.

Эл аралык тажрыйбасынын, жогорку кесипкөйлүгүнүн жана күчтүү моралдык-этикалык принциптеринин аркасында ал көптөгөн кесиптештерине насаатчы болгон жана бизнес жана дипломатиялык чөйрөдө терең урмат-сыйга ээ болгон.

Анын өмүрү жана чыгармачылыгы чыныгы британ мырзасынын Кыргыз Республикасынын өнүгүүсү үчүн кажыбас салымынын үлгүсү болуп саналат.

Робин Орд-Смиттин мезгилсиз дүйнөдөн кайтышы республика үчүн кесипкөй адамды, көрүнүктүү инсанды жана өлкөбүздүн чыныгы досун жоготуу менен барабар.

Робин Орд-Смиттин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Орду толгус жоготуунун оор кайгысын бирге бөлүшөбүз.


А.У. Жапаров, А.А. Касымалиев, К.К. Ташиев, Б.Э. Төрөбаев, Э.Ж. Байсалов, А.Дж. Джунушалиев, Ж.М. Кулубаев, А.К. Бакетаев, Д.Дж. Амангельдиев, У.К. Джусупов, Р.А. Сабиров, Ж.Ж. Бакиров, Ж.М. Жээналиев, Р.А. Керимжанов, Н.М. Баясов, С.Б. Болотов, Т.Дж. Койчуманов, М.Д. Шаршекеев, Н.Дж. Мусуралиев, С.В. Понамарев, Кыргыз Республикасынын бизнес-коомчулугу.

Пикир

Оставить комментарий