• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматынан 2020-жылы кайсыл тармактарда салык жыйналбай калганын айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу салыктарды жыйноо боюнча план аткарылбай калганын билдирди.

“Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында МСК башчысынын орун басары Замирбек Мамытов билдиргендей, 2019-жылга салыштырмалуу ички комушча бааларга жыйымдар боюнча 99,4%га, импортко жыйымдар 93,6%га аткарылбай калган.

“Негизинен аткарылбай калган жыйымдар жергиликтүү бюджетте болгон, ага чындыгында эле пандемия таасир этти. Анткени, карантин учурунда базарлар жана дүкөндөр иштебей, бул патент жана салык салууга өзүнүн таасирин тийгизген",- деди ал.

Пикир

Оставить комментарий