• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эрмек Нургазиев Бишкекке муниципалдык банк ачуу керектигин айтты

Коом 0

Бишкек, 09.02.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиев маалымат жыйында Бишкекке муниципалдык банк ачуу керектигин айтты.

Анын айтымында, муниципалдык банк коомдук транспорту сатып алууда жана башка маселелерди чечүүдө ыңгайлуу болот. Бул боюнча Садыр Жапаров менен сүйлөшүү болгон.

"Биринчи эле муниципалитетке өзүнүн банкы керек. Бардык активдер, кирешелер, которуулар, муниципалдык ишканалардын эсептери банкка которулат. Бизге өзүбүздүн банк аркылуу коомдук транспорттук ишканалар менен байланышып, сатып алуу оңой болот. Мэриянын бардык ишканаларына жана бюджетке жакшы аудит жүргүзөбүз", - деди ал.

Нургазиев россиялык же европалык коомдук транспорттор алынарын белгиледи.

Эскерте кетсек, Балбак Түлөбаев мэрдин милдетин аткаруучулук кызматтан кетип, анын ордуна Эрмек Нургазиев келген.

Пикир

Оставить комментарий