• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чоң Алайда мал уурдоого шектелип 3 жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Ош облусунун Чоң Алай районунда мал уурдоого шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-февралда Чоң-Алай районунун 36 жаштагы И.Д. аттуу тургуну райондук милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 5-февралынан 6-февралына караган түнү өзүнүн үйүндөгү сарайдан малдарын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Жогорудагы арыздын негизинде ыкчам тергөө тобу тарабынан окуя болгон жерлерге кароо жүргүзүлгөн. Топтолгон материалдар 6-февраль күнү Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 200-беренесинин ("Уурулук") негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Тиешелүү кызматтарга аталган уурулуктун бетин ачып, шектүүлөрдү тергөөгө камсыздоо боюнча тапшырмалар берилген.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин негизинде уурдалган малдарды Ноокат районуна алып барып, кылмыш ишин жашыруу максатында сатууга даярдап койгон жеринен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 31 жаштагы С.И., 29 жаштагы Т.Н., 28 жаштагы Ж.И. аттуу тургундары кармалды.

Бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий