• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

2020-жылы 1 млн бөтөлкөдөн ашык мыйзамсыз ичимдик аныкталган

Коом 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. 2020-жылы Мамлекеттик салык кызматы мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы баасы 61,5 млн сомдон ашык суммада 1 млн 90 миң 423 бөтөлкө алкоголдук продукция, ошондой эле 74 миң 665 литр сыра тартып алынган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында МСК башчысы Кабыл Абдалиев билдирди.

Анын айтымында, өткөн 2019-жылы тартып алынган алкоголдук продукциялардын саны бардыгы болуп 9 миң 342 бөтөлкөнү түзгөн.

Эскерте кетсек, алкоголь рыногун мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө милдети 2019-жылдын декабрында Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлүп берилген.

Абдалиев 2019-жылдагы көрсөткүчтөр 2020-жылга салыштырмалуу төмөн, анткени мыйзамсыз ичимдик жүгүртүүнү аныктоо менен Айыл чарба министрлиги алектенип келген, анын фискалдык функциясы жок болчу деп белгиледи.

Аныкталган бузуулар боюнча 30 ишкердик субъект боюнча материалдар ЭККМКга, 22 ишкердик субъект боюнча УКМКга жана 1 материал - ИИМге берилди”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий